четверг, 7 февраля 2013 г.

тогуз-торо начальник милициясы

Максим Бакиев 1977-жылы тайларынын мекенинде, Орусиянын Куйбышев деген шаарында туулган. Тогуз-Торо районунун акими Курманбек Бакиевдин кичүү баласы 1994-жылы Казармандагы орто мектепти аяктаган. Кыргыз-орус Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырган. Ал ортодо К. Бакиев Жалал-Абад облусунун губернатору болуп, атасынын аркасы менен 1997-жылы Улуу Британияда, 1998-жылы АКШда билим алып, 1999-жылы КРСУнун юрфагын кызыл диплом менен аяктаган. 1997-жылы жеке менчик “Интерправо” юридикалык компаниясында иштеп, BCB Solution Limited деп аталган англиялык холдингдин кеңешчилер кеңешине мүчө болгон. 2005-жылы президент атасынын аркасы менен Орусия Федерациясынын ТИМинин алдындагы Дипломатиялык академиясына тапшырган. (Орусиянын Дипломатиялык академиясы тарабынан Кыргызстанга жыл сайын бөлүнүүчү эки орундун бирөөсүн Максим Бакиев “басып жыгылган”). Бирок сабакты көп калтыргандыгы үчүн биринчи эле курста окуудан айдалган. 2009-жылы президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин шайлоо алдындагы республикалык штабын башкарып, 2009-жылдын 29-октябрынан 2010-жылдын апрелине чейин ЦАРИИде директор болгон.

Максим деген машаяк ким болгон?

Миллиондогон жашылбайга кызматын көрсөтүп аткан Британиядагы белгилүү “Peters Аnd Peters” адвокаттык фирмасынын кызматкери Майкл О’Кейн Максим Бакиевдин АКШга экстрадициялоо маселесин геосаясий оюн катары эсептеп, Бишкек менен Вашингтондун ортосундагы саясий кызыкчылыктан улам келип чыккан иш деп баалады. Айтмакчы, убактылуу эркиндикте калуу үчүн британ бийлигине төгүп берген Максим Бакиевдин күрөөгө берген акчасы айтылуу Жулиан Ассанждыкынан ашып түштү. АКШ баш болгон бир катар өлкөлөрдүн бийлик башчыларынын абийирин аштай төккөн Wikileaks сайтынын кожоюнунун күрөөгө койгон акчасынын суммасы 140 миң фунт стерлинг болсо, экс-эрке баланын күрөө акысы 250 миң фунт стерлингге (400 миң доллардын тегереги) бааланган.

Максимдин куну Ассанждыкынан ашып түштү

- Максим мала кызыл көйнөк, кочкул көк түстөгү костюм-шым кийип, ак темгил галстук тагынып келди. Өзү болсо түйшүк басып, өңүнөн азып калыптыр. Жыйын болгон залда аз эле киши болду – адвокаттын сол тарабында 3, оң тарабында 3 киши отурду. Кыргыз элчилигин 2 киши, БиБиСинин журналисти жана мен. Сот туптуура 10до башталды, Максим Бакиев сол ыптадагы айнектелген тордун артында отурду. Сот башталганда ордунан туруп, аты-жөнүн, туулган күнүн айтты. Сотко Максим Бакиев адвокатынын коштоосунда келди жана журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартты.

Ошентип дүйнө коомчулугунун кызыгуусун арттырган 7-декабрдагы сот жараяны аяктады. Болгону 25 мүнөткө созулган бул процесске Мээрим Касымова аттуу кыргыз жараны да катышып, “Азаттык” үн алгысына төмөнкүлөрдү айтып берген.

Түйшүк тартып, өңүнөн азган Максим сотко келди

2010-жылы Орусия берген 300 миллион доллардын дээрлик жарымын жеп кеткен Максим Бакиев тууралуу орусиялык маалымат каражаттары да бир катар макалаларды жарыялап, саясат талдоочуларынын пикирин ортого салды. “Известия” гезити “Саясий конъюнктура” борборунун директору, орусиялык белгилүү саясий эксперт Сергей Михеевдин кебин укту. “Лондондук соттун оңдуу чечими – Кыргызстандын башкы душманы Максим Бакиев боюнча пландарын чийип койду. Анын колунда Бишкек кайра артка алгысы келген баалуу кагаздар, схемалар бар. Кандай болгон күндө дагы “диктатордун баласынын” экстрадицияланышы азыркы кыргыз бийлиги күрөшүп келген режим чын эле кылмыштуу болгондугун дүйнө элине дагы бир жолу далилдейт. Ошондой эле бул окуя 2010-жылдагы жазгы революцияны кошумча легалдаштыра да алат. Максим Бакиевдин атасы бийликте тургандагы негизги максаты америкалык өнөктөштөрү менен Кыргызстанды үч катар кир жуучу машинага айландырмак. Анын концепциясынын негизги багыттары мындайча болгон. Биринчи баскыч: Кыргызстан дүйнөдөгү болгон арам финансылык агымдарды адалдоочу глобалдык “прачечный” болмок. Бул ойду өнөктөшү, АКШ жараны Евгений Гуревич айткан. Экинчи баскычы: бул Ооганстандан баңги затын ташуу. Курманбек Бакиев мамлекетти башкарып турганда баңги жолу кенен-кесири иштеп турган, азыр деле иштөөдө. Үчүнчүсү кытай товарлары. Дал ушул үч нерсенин аркасы менен Максим Бакиев Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй региондун деңгээлинде бизнес-империя курууну пландаган” – дейт орусиялык саясат талдоочу Михеев.

Максим Бакиев бизнес-империя курууну пландаган

Максим Бакиевдин 2011-жылдары эл аралык биржалардагы көз боемоочулук иш-аракеттеринин бети ачылып, ушул жылдын 12-октябрында АКШ бийлигинин өтүнүчү менен лондондук полиция тарабынан камакка алынган. Арам акчасы ашып-ташыган бала Бакиев 400 миң долларын күрөөгө коюп, 7-декабрга чейин үй камагына чыккан. 7-декабрь күнү Вестминстердеги магистердик соттун судьясы Максим Бакиевдин ишин өндүрүшкө алып, кийинки соттук отурумду 2013-жылдын 13-майына жылдырды. Америкалык жана европалык маалымат каражаттары кыргызга кыргыйдай тийген бул жигиттин тегерегинде кенен сөз кылып, чиеленишкен бул окуянын жыйынтыгы тууралуу ар кандай божомолдорун келтиришүүдө. Британиялык “Independent” гезити “Максим Бакиевди АКШнын сурап жатканы Бишкек менен дипломатиялык алакаларда туңгуюкка кептелген Британияны куткарып кетти” – деп жазса, Би-Би-Си үн алгысы “Британия эртеби кечпи Максим Бакиевди АКШга өткөрүп берет. Себеби Вашингтон менен Лондондун ортосунда кылмышкерлерди экстрадициялоо тууралуу келишим бар жана Британия Максим Бакиевге карата АКШ аймагында акыйкат сот болооруна толук ишенет” – деди. Ал эми Германия парламентинин депутаты Виола фон Крамон немистердин атактуу “Deutsche welle” маалымат булагына берген маегинде “Иш ордунан козголду окшойт. Евгений Гуревич катышкан бул процесс менен Максим Бакиевди соттоого, ошону менен бирге Кыргызстандагы Бакиевдердин коррупциялык иштеринин бетин ачууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кыргызстандан бюджеттик каражаттарды чыгарып кетүүдө кимдер аралашкандыгын маалымат берген булактардын, жашыруун телефондук сүйлөшүүлөрдүн ж.б. тергөө иштериндеги аракеттердин жардамы менен ачыкталса, бул – республикада адилеттиктин орношу катары кабылданмак” – деген пикирин билдирди.

Эртеби-кечпи АКШга айдалат

Элибизди каалашынча эзген Курманбек Бакиевдин эрке баласы эл аралык аферист аталды. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Кыргызстандан куулган Максим Бакиев көнгөн адатына салып арам жолдор менен акча өөнөмөй ишин дагы улантып, америкалыктардын атактуу ФБРинин кылтагына илинип, Кудай буйруса узак убакытка абакка айдалганы турат.

Кыргызды малга теңеген Максимдин соттолоор маалы аз калды…

Баары бир кармаласың, качып кайда барасың?

Баары бир кармаласың, качып кайда барасың?

Пикирлерди аябагыла!

Гезит, Китеп, жаSылык, ушак.. - Баары бир кармаласың, качып кайда барасың?

Комментариев нет:

Отправить комментарий